Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Айни жана Дагестан көчөлөрүнүн кесилишиндеги жалпы аянты 12 чарчы метрди түзгөн жеңил типтеги мыйзамсыз объектини алды.

Ошондой эле, жол оңдоп-түздөө  иштеринин алкагында Садырбаев көчөсүндөгү  темир конструкциясы алынып, жол тазаланды.

 Жумабек көчөсүн бойлой мыйзамсыз курулган объектинин  от жага турган меши, кире бериш бөлмөсү, тосмосу, дарбазасы дагы алынып салынды.