Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тышкы жарнакты иретке келтирүү боюнча рейддерди өткөрдү.

Алсак, Москва, Токтогул, Гоголь, Сүйүмбаев көчөлөрүндө жарнамалык конструкцияларга демонтаж иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 47 объект алынды.

Манас проспектисинин Ахунбаев көчөсүнөн Жибек-Жолуна чейин 19 жарнама мамычасы жана 18 жарнама баннерлери демонтаждалды.

Буга чейин комиссия жарнаманы  жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, билдирүүлөрдү тараткан.

Текшерүүлөр шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнама маалыматтын мамлекеттик тилдеги тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, ошондой эле шаардын сырткы жарнамаларын жайгаштыруу жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.

Рейддик иш-чаралар иш-планга ылайык жума сайын өткөрүлүп турат.