Октябрь акимчилигинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу боюнча комиссиянын жыйыны өттү.

Комиссиянын төрагасы болуп райондун акими, комиссиянын курамына МАБдын башчылары, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, райондук аксакалдарынын өкүлдөрү, диний мекемелердин өкүлдөрү кирди.

Жыйында Октябрь районунда үй-бүлөлүк майрамдарды жана маркумду коюу жөрөлгөлөрүн тартипке келтирүүгө натыйжалуураак таасир көрсөтүү боюнча комиссиянын ишинин маселелери талкууланды.

Улуттук маданияттын баалуулуктарын коргоо жана элдик үрп-адаттарды урматтоону калыптандыруу, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын коргоону жарандардын жашоо деңгээлин жана сапатын жакшыртуу кызыкчылыгында гана камсыз кылуу максатында 66, 71-беренелерди жетекчиликке алуу менен жыйындын жыйынтыгы боюнча зарыл чараларды көрүү чечими кабыл алынды.

Ошондой эле майрамдарды жана диний ырым-жырымдарды өткөргөн адамдарга тиешелүү сунуштарды берип, ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрүү, үй-бүлөлүк эскерүү каада-салттарын жана курман болгондорду эскерүү иш-чараларын өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү , маркумдардын жаркын элесине арналган салттарды, майрамдарды, ырым-жырымдарды жана башка иш-чараларды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органдардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу белгиленди.

Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешинин токтому бекитилген жобо менен 2022-жылдын 28-сентябрында № 48 менен чыккан.