Бишкек шаарынын №2 Клиникалык төрөт үйүндө үч эм төрөлөлдү: үчөө тең эркек

37 жаштагы Нурзида Садырбаеванын үч уулду жарык дүйнөгө алып келди. Биринчи баланын салмагы-2360 гр, бою 42 см, экинчиси - 1900 гр, бою 40см, үчүнчүсү-2490 гр, бою 50см.

Үч эм 20-декабрда саат 10:06да төрөлдү. Төрөт медициналык себептерден улам 35 жумада ыкчам жүргүзүлгөн. Операциядан кийинки мезгил өзгөчөлүксүз өтүүдө.

Эне менен балдардын абалы канааттандырарлык. Учурда алар эрте төрөлгөн балдар бөлүмүндө.

Биз ата-энелерди балдарынын төрөлүшү менен куттуктайбыз, бекем ден соолук жана бардык жакшылыктарды, ал эми энеге тез арада тыңып кетүүсүн каалайбыз.