Кыргызстанда жугуштуу оорулардын саны кескин өсүп жаткандыгына байланыштуу "118 ыкчам байланыш" кызматы жарандарды алгачкы медициналык жардамга кайрылууга чакырат.

Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (KOICA), Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Өнүктүрүү Программасынын жана Сорос-Кыргызстан Фондунун каржылык жана техникалык колдоосу менен бүгүнкү күндө  "118 ыкчам байланыш"  Бишкектеги 4 колл-борбордо күн сайын саат 09.00 дөн 18.00 гө чейин иштеп жатат. "Сорос-Кыргызстан" фонду кызматты керектүү техникалар менен камсыздап, адистер тобун даярдады.

118 ишеним телефону Бишкектин ооруканаларын ишин жеңилдетти. Статистикалык маалыматтарга ылайык, ооруканага кайрылгандардын 10% гана ооруканага жаткырылат. Көпчүлүгү ооруканада 1-2 күн гана жатып, андан кийин чыгарылат. Ишеним телефонуна чалып, бейтап үйдө калып, амбулатордук жардам ала алат.

Күнүнө линияга 40-60ка чейин чалуулар келип түшөт. Адистин кеңешин угуп, жабыркагандарга биринчи кезекте психологиялык жардам көрсөтүлүп, стресстен арылышат. Андан кийин операторлор кайсы дары-дармектерди ичип, кайсынысын ичпеш керек экенин, өзүн-өзү дарылабаш керек деп кеңеш беришет.


Бишкектиктер төмөнкү жардамды алуу үчүн ишеним телефонуна кайрылышсын:

* Жугуштуу оорулар, КРВИ, Covid-19 жана башка оорулар боюнча алгачкы медициналык консультация;

* Бейтаптын абалына онлайн режиминде тез клиникалык баа берүү жана зарыл болгон учурда жетекчилик берүү;

• Ошондой эле, кызмат үй-бүлөлүк дарыгерлер жана алардын иш тартиби боюнча жумушчу маалыматтарды берет.