Свердлов районунда укук бузуулардын алдын алуу боюнча Координациялык комиссиянын жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү.

2022-жылдын 23-декабрында район башчысы М.Саргазаковдун төрагалыгы астында Свердлов административдик району боюнча укук бузуулардын алдын алуу Координациялык комиссиянын жыйынтыктоочу жыйыны өттү.

Жыйынга Свердлов районунун прокуратурасынын, УКМКнын, ИИБнын, Свердлов району боюнча пробация органынын, ӨКМдин райондук бөлүмүнүн, Билим берүү борборунун жана Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана Бишкек шаарынын мэриясынын МАБдын башчылары катышты.

Күн тартибине ылайык Координациялык комиссиянын жыйынында төмөнкү маселелер каралды:

- Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагындагы коомдук-саясий кырдаал жана Свердлов районунун аймагында коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туралуу;

- Жаңы 2023-жылга карата иш-чараларды өткөрүү мезгилинде Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында коомдук коопсуздукту жана жарандардын өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө;

- Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында жайгашкан билим берүү уюмдарында билим алып жаткан окуучулардын тийиштүү деңгелде коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан райондун тургундарынын тийиштүү деңгээлде коомдук коопсуздугун жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу, профилактикалык жана маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын МАБдары менен Свердлов райондук ИИБгы, ӨКМБмү, СӨБгы биргеликте тыгыз ишти уюштуруу жана күчөтүү жөнүндө чечим кабыл алынды.