Борбор калаанын ар бир районунда ирригациялык тармактарды тазалоо, жашыл аянттарды  отоо чөптөрдөн тазалоо жана бак-дарактарды санитардык бак бутоо иштери жүрүп жатат.

Таң эртеден багбандар Турусбеков, Бөкөнбаев, Лермонтов, Жибек-Жолу, Ибраимов, Чапаев, 7-апрель көчөлөрүндө эмгектенип жатышат.

Андан тышкары жашылдандыруучулар Жаш Гвардия бульварында 5000 жашыл тосмо көчөттөрүн отургузушту.

Ошондой эле шаарыбызга дагы жаңы 163 ийне жалбырактуу көчөт отургузулду, алар : 7-апрель көчөсүндө 60 даана, Манас проспектинде 43 даана жана Чүй проспектинде 60 даана көчөттөр тигилди.

Урматтуу шаардыктар!

Санитардык бутоо боюнча 37-53-30 номерине кайрылсаңыздар болот.