Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында шаардын кичинекей тургундары үчүн райондордун жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду.

Райондук социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турган социалдык жактан корголбогон, жетим, жарым жетим, көп балалуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 4 миңден ашуун балдар жаңы жылдык майрамга күбө болушту.

Район башчылары балдарды келе жаткан майрамы менен куттуктап, балдарга зор ийгиликтерди каалашты.

«Таберик» балдар музыкалык театры тарабынан музыкалуу спектакль даярдалып, иш-чара балдар менен болгон интерактивдүү оюн-зоок оюну жана «Убакыт аркылуу саякат» жаңы жылдык спектакли менен коштолду.

Иш-чаранын аягында бардык балдарга таттуу белек тапшырылды.