Борбор калаанын муниципалдык ишканалары шаардыктардын жаңы жылдык маанайын көтөрүү үчүн  коомдук транспорттун бардыгын жасалгалашты. Жаңы жылдык атрибут менен кооздолгон троллейбустар, автобустар, кичи автобустар каттамга чыкты. Жаңы жылга карата троллейбус жана автобус салондорунда шаардыктар үчүн аудио куттуктоо берилет. Ал эми жүргүнчүлөр аяз атанын кийимин кийген айдоочуларды да көрө алышат. Алар №7 жана №10 троллейбустардын айдоочулары.

Белгилей кетсек, Бишкек троллейбус башкармалыгы троллейбусту мыкты майрамдык жасалгалоого сынак жарыялады.

Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен, урматтуу шаардыктар!