№5 троллейбустун жүргүнчүлөрүн  Аяз Ата менен Аяз Кыз куттукташты. Атайын уюштурулган каттамда шаардыктар бийлер, ырлар жана сынактар менен коштолгон жомоктогудай атмосферага күбө болушту. Балдар кубануу менен ыр саптарын айтышып, таттуу белектерди алышты.

Ал эми айрым жүргүнчүлөр жаңы жылдык каармандар менен эстелик учүн сүрөткө түшүштү.