Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык тартибин бузгандар менен күрөшүү иштерин улантууда.

Текшерүүнүн алкагында 106 чарбалык субъектилерге барып, ага чектеш аймактарды кардан жана муздан тазалоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иштин жыйынтыгында чарбалык субъектилер кардан жана муздан тазаланды.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, ишканалар, уюмдар, чарба жүргүзүүчү субъекттердин ээлери, турак жайлардын менчик ээлери, жеке турак жайлардын ээлери жанаша жайгашкан аймактарды кардан жана муздан тазалоо жана тазалоо иштерин жүргүзүүсү керек. Бул үчүн алар жалданма жумушчуларды тарта алышат. Бардык жашоочулар менчигинин түрүнө карабастан 10 метр радиуста тазалыкты жана тартипти сактоосу зарыл.