Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө барды.

Калаа башчысы үй-бүлөнү куттуктап, 90 миң сомдук сертификат жана азык-түлүк куржунун тапшырды.

Эске салсак, 20-декабрда Нурзида Садырбаева Нурбакыт, Нурмухамет, Нурсултан аттуу үч эмди жарык дүйнөгө алып келген. Үй-бүлөнүн жети баласы бар – 6 уул, 1 кыз.

Борбор калаанын мэри үй-бүлөнү куттуктап,  ата-энеге  жана балдарга чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.