Борбор калаанын мэринин орун басарлары Жыргалбек Шамыралиев менен Нурдан Орунтаев Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар электрондук калдыктарды башкаруу боюнча долбоорду талкуулашты. Келген коноктор бул маселе боюнча өз изилдөөлөрүн сунуштап, катуу таштандыларды чыгаруу жана жок кылуу менен алектенген жетекчилер менен жолугушуу уюштурууну өтүнүштү.

Өз кезегинде мэрдин орун басарлары долбоордун Бишкек шаары үчүн актуалдуулугун баса белгилешти.