Акыркы убакта борбор калаада жаан-чачын сууларын кабыл алуучу торлорун жана люктардын капкагын уурдоо фактылары көп катталууда.

Көптөгөн көчөлөрдө люктарды, торлорду кайра-кайра орнотуп жатабыз, бул шаардык бюджеттен кошумча чыгымдарга алып келүүдө.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык  ишканасыны Биринчи май акимчилигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык кызматтарынын адистери менен биргеликте темир сыныктарын кабыл алуу пункттарын текшерип, инженердик тармактардын скважиналарынын капкактарын жана жаан-чачын сууларын кабыл алуучу торлорун алуу фактыларын текшеришти.

Биринчи май районунун аймагында 8 пункт текшерилди. Шаардын уурдалган мүлкүн кабыл алууга тыюу салуу боюнча ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, эгерде мурда люктарды жана торлорду уурдоо фактылары жолдун жүрүүчү бөлүгүндө гана катталса, азыр аялдамаларда, тротуарларда, жолдордон чыга турган жерлерде уурдоо фактылары катталууда.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз люктардын жана жаан-чачын сууларын кабыл алуучу торлордун уурдалганына күбө болсоңуз, милицияга: 102 кабарлоону суранабыз.