Муниципалдык инспекция айлана-чөйрөнү жакшыртуу эрежелеринин сакталышына көзөмөлүн  күчөтүүдө.

Мыйзам бузуу фактысы  боюнча «Миң Бир Жыгач» ишканасына КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренеси боюнча протокол түзүлдү. Алар Кулатов көчөсүндөгү №1а дарегиндеги эмерек цехинин аймагында тартипти бузган. Ушул эле берене менен “Мурас Ордо” жаңы конушундагы көмүр сатуу түйүнүнүн жетекчиси  К.Сыдыков жана  Кубан К.У аттуу жаран жоопкерчиликке тартылат.

Оренбург көчөсүнүн тургуну Болотбеков М.,  Тыныстанов жана Баетов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Электросила» ишканасы тарабынан жол конструкциясын бузуу фактылары катталган. Бул мыйзам бузуу үчүн  177-берененин 1-бөлүгү боюнча 5500 сомдон 17000 сомго чейин жоопкерчиликке тартылат.

Мыйзам бузууларга карабастан, айрымдары күнөөсүн мойнуна алган жок. Мындай иштер акыркы чечим  чыгаруу үчүн административдик комиссияга жиберилет.