Октябрь районундагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында Ленинград блокадасын бузуунун 80 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү.

Иш-чара бир мүнөттүк эскерүү жана үч жолу ок  атуу менен башталып, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын оркестринин коштоосунда өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин  орун басары Виктория Мозгачева, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, Бишкек шаарынын  епискобу Владыка Саватий, Ленинград блокадасы боюнча кыргыз коомунун төрагасы Марат Кутанов катышты.

Митинг-реквием мектеп окуучуларынын концерти менен аяктады.