“Бишкексуучарба” муниципалдык ишканасынын жумушчулары Ала-Арча дарыясындагы муз тыгынын дагы эле алып жатышат.

Эске салсак, муз тыгыны 2023-жылдын 13-январында пайда болгон.

Бул тыгындар өз убагында жоюлбаса,  дамбалар аркылуу дарыядан суу ташкындап, Ала-Арча дарыясынын жээгин  каптайт.

Учурда “Бишкексуучарба” МИнын жумушчулары ӨКМ менен биргеликте тоңгон муздары  жоюу иштерин жүргүзүүдө.
Бул багытта  иштер күнү-түнү жүргүзүлүүдө.