Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы өндүрүш калдыктарын туура эмес жерлерге чыгаруу фактылары көп катталып жаткандыгын билдирет.

Инспекторлор Жаманбаев көчөсүнүн №31/3 дарегинде тигүү калдыктарын ыргытып жаткан жаранды жеринен кармашты. Мындай аракети үчүн жеке ишкер К.Оморбеков Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгү менен жоопко тартылат. Жеринде 23 000 сом өлчөмүндө айып салуу чечими кабыл алынган.

«Миң бир Жыгач» эмерек цехи таштандыларын жанаша жайгашкан аймакта сактаган. Аларга 114-берене боюнча протокол түзүлүп, инспекторлор тарабынан 13 миң сом айып пул салуу токтому чыгарылган.

Урматтуу шаардыктар! Муниципалдык инспекция жарандардын тиричилик таштандылары үчүн таштанды контейнерлери берилгенин эскертет. Ишканалар жана жеке ишкерлер таштанды чыгаруучу уюмдар менен таштанды чыгаруу келишимин түзүшү керек. Өндүрүштүк жана медициналык таштандыларды жөнөкөй контейнерлерге ыргытууга, ошондой эле муниципалдык аймакта ар кандай калдыктарды сактоого  тыюу салынат. Фактылар  боюнча инспекция менчиктин  түрүнө карабастан  бардык тараптарга протоколдорду түзөт.