2023-жылдын 19-январында борбор калаада 2022-2023-окуу жылынын мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын II (райондук) этабы старт алды.
Борбор калаанын мектептеринен олимпиаданын мектеп баскычында 1, 2, 3-орунду ээлеген 2375 окуучу катышат.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан 12 сабак боюнча райондук олимпиаданы өткөрүү үчүн базалык мектептер аныкталды:
Свердлов району боюнча № 65 Экология – экономикалык лицейинде табигый-математикалык предметтерден жана №12 мектеп –гимназиясында гуманитардык предметтерден;
Октябрь району боюнча № 62 мектеп-гимназиясында;
Ленин району боюнча № 40 жалпы орто мектебинде;
Биринчи май району боюнча № 70 мектеп-гимназиясында.
Олимпиада 19 жана 20-январында өтөт. Райондук олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 1 жана 2-орунду ээлеген окуучулар республикалык олимпиадасынын III этабына катышышат.
Олимпиаданын бардык катышуучуларына өздөрүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, эң мыкты жыйынтык көрсөтүп, кезектеги жеке жеңишке жетүүлөрүн каалайбыз! Ийгилик!