Октябрь акимиатында шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борборунун, КСР, МАБ, КООР, ЦГСЕН, БЦУЗ, ошондой эле №6 жана №8 ҮМБнын өкүлдөрү менен биргеликте облустук көп тармактуу Координациялык комитетте социалдык маанилүү оорулар- кургак учук, бруцеллез жана эхинококкоз боюнча  эпидемиологиялык абал талкууланды.

Кургак учук, бруцеллез жана эхинококкоз ооруларын алдын алуу боюнча көрүлгөн чараларга жана жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, шаарда абал оор бойдон калууда. Кургак учук жана эхинококкоз менен ооругандардын саны жогору.
Акыркы жылдары кургак учуктун туруктуу түрү чоңдор арасында өсүп, балдар арасында кургак учук өсүп жатат.

2022-жылы 2021-жылга салыштырмалуу, балдардын арасында эхинококкоз оорусунун катталган учурлары өскөн.
Социалдык маанидеги оорулардын алдын алуу үчүн кургак учук, бруцеллез жана эхинококкоздун жаңы учурларын болтурбоо боюнча өз деңгээлинде ведомстволор аралык өз ара иш аракеттер көрүлүүдө.