Шаарды көрктөндүрүү көзөмөлү боюнча инспекциясы күн сайын тазалык тартибин бузгандар менен күрөшүп келет.

KICB банкынын кызматкерлери (Жаш Гвардия бульвары №44 дарегиндеги) өздөрүнүн кеңсесинин жанына таштандыларды чогултуп, антисанитардык шарттарды түзүшкөн. Аларга карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгү менен протокол түзүлдү.

Шыгаев А., жана Сапаралиев Ы. өндүрүш калдыктарын чыгаргандыгы үчүн 115-беренин 2-бөлүгүнө ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

Токоев К. (П. Лумумба көч.,), Калмурзаев М. (Ш. Руставели көч.,) аттуу жарандар өздөрүнүн кеңселеринин жанында тартипти сакташкан эмес. М.Ганди көчөсүндөгү №255а дарегинде жеке ишкер Мамасабиров И., дөңгөлөктөрдү муниципалдык аймакта сактаган. Бул мыйзам бузуу үчүн 114-берене менен протоколдор түзүлдү.

Урматтуу шаардыктар! Муниципалдык инспекция үйлөрдүн жана кеңселердин жакын жерде таштанды сактоого тыюу салынганын эскертет. Ишкерлер таштанды чыгаруучу уюмдар менен келишим түзүшү керек. Бузулган фактылар боюнча инспекция укук бузууну күнөөсүн мойнуна алган албаганына карабастан чара көрөт.