Борбор калаада Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы мыйзамсыз салынган объекттерди  алууда.

Иштин жүрүшүндө  Жукеев-Пудовкина №2/1көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жалпы аянты 5 метр болгон капиталдык тосмо алынды.

Токомбаев-Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги дөңгөлөктүү тез татым да алынды. Ленин райондук көзөмөлдөө бөлүмү мурда берилген билдирүүнүн негизинде Астраханская №104б дарегинде жайгашкан жеңил объектти алды. Объектин жалпы аянты 30 чарчы метрди түзөт жана «Имарат Строй» компаниясына башкармалыктын кызматкерлери тарабынан берилген эскертүүнүн негизинде Юнусалиев көчөсү 139 дарегинде жайгашкан объект да алынган.