"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасы шаардыктар менен  дайыма байланышта жана ар кандай сунуштарга, даттанууларга жана сын-пикирлерге ачык.

Кээ бир автобус жүргүнчүлөрү таштандыларды салондорго таштап, муниципалдык мүлккө абийирсиз мамиле кылышат.

Тазалоочу топ күн сайын автобустун ичин тазалайт. Отургучтар, терезелер жана полдор жуулат. Унаа токтотуучу жайда атайын сырткы унаа жуучу жай бар.

Урматтуу шаардыктар! Шаардык  кызматкерлердин эмгегин баалап, коомдук транспортко  аяр мамиле  кылууну суранабыз!