27 – январдан 29-январга чейин борбордо "Атам, апам жана мен - болобуз спортсмен"кышкы спорттук майрамы өткөрүлөт.

Иш-чаралар "Тунгуч" кичи районундагы Шербаков жана Манас көчөсүндөгү спорттук аянтчада, № 73 орто мектепте № 11 орто мектепте жана № 40 мектептин аянтчаларында өткөрүлөт.

Уюштуруучу Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти жана борбор калаанын акимиаттары.

Мелдештер шаар тургундарынын арасында  өткөрүлөт. Катышуучулардын жаш өзгөчөлүгү  35 жаштан 45 жашка чейин, балдар арасында 10 жаштан 14 жашка чейин эркек же кыз экенине карабай.

Программа мелдештин 6 түрүн камтыйт. Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине  дипломдор, медалдар, кубоктор жана эстелик белектер тапшырылат.

Урматтуу шаардыктар! Аба ырайына байланыштуу спорттук иш-чаралардын орду жана мөөнөтү өзгөрүшү мүмкүн.