Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавхат Мирзиёевдин келишине байланыштуу шаардагы Фучик көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин, Чүй проспектисинен Манас проспектисине чейин, Манас проспектисинен Ч.Айтматов проспектиси менен мамлекеттик резиденцияга барчу жол убактылуу жабылат.

Ошол себептен, №2 жана 10-троллейбустук каттамдар убактылуу өзгөртүлүп, ошондой эле №11,6,5 жана №14 каттамдар убактылуу токтотулат.

Ал эми №10 жана №2 маршруттук каттамдар Чүй проспектиси менен эмес, Киев жана Москва көчөлөрү аркылуу өтөт.