Свердлов районунда үлүштүк гранттык комиссиясынын отуруму өттү.
Комиссия 2023-жылга үлүштүк гранттарды алууга арыз берүү үчүн артыкчылыктуу багыттарды жана керектүү документтердин тизмесин бекитти.
Эске салсак, гранттар Бишкек шаарынын жана жергиликтүү жамааттардын аймагын өнүктүрүүгө, социалдык активдүүлүктү жогорулатууга жана коммуналдык жана башка турмуштук маселелерди өз алдынча чечүүнү калыптандырууга багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоого бөлүнөт.
2022-жылы муниципалдык администрация тарабынан гранттык комиссиянын 4 отуруму болуп, анда 17 долбоор каралып, анын ичинен 16 долбоор жактырылып, дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоого сунушталган сумма 4 890 744 сомду түзгөн.
Негизинен каражат  чатырларды, жүргүнчүлөрдү ташуучу лифттерди оңдоого, терезе блокторун алмаштырууга жана башкаларга жумшалган.
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясы жөнүндө 2009-жылдын 2-декабрындагы № 115 жобого ылайык, гранттык каражаттардын эсебинен каржылоого арыздар жана долбоорлор Бишкек шаарынын бюджети бекитилгенден кийин кабыл алынат. Жылына 5 000 000 сомго жакын каражат бөлүнөт.