Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле бюджетти үнөмдөө максатында борбор калаанын мэриясы тарабынан жумушчу топ түзүлгөн. 

Жумушчу топтун курамына мэриянын борбордук аппаратынын бөлүм башчылары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, ошондой эле коомдук бирикмелердин эксперттери тартылган.

Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарынын төрөгалыгы алдында жумушчу топ функционалдык талдоо жүргүзүп, Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат.