2023-жылдын 19-20 январында Бишкек шаарында мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын II (райондук) этабы өткөрүлдү.

Билимди текшерүүнүн экинчи этабында борбор калаанын мектеп этабындагы олимпиаданын 1, 2, 3-орундарды ээлеген 2375 окуучусу катышты.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 229 окуучу жеңүүчү болуп, анын ичинен 1, 2-орунду ээлеген 151 окуучу республикалык (шаардык) олимпиадасынын III этабына катышат:

- Ленин району боюнча – 34 жеңүүчү;

- Биринчи май району боюнча – 40 жеңүүчү;

- Свердлов району боюнча – 38 жеңүүчү;

- Октябрь району боюнча – 39 жеңүүчү.

Балдарды олимпиададагы ийгиликтүү көрсөткүчү менен куттуктайбыз! Сиздердин кайрат жана эрк, жеңишке болгон  ишенич үчүн ыраазычылык билдиребиз. Олимпиаданын үчүнчү финалдык баскычында сиздерге ийгилик жана жагымдуу маанай каалайбыз!