Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын имаратынын биринчи кабатында Свердлов административдик району боюнча  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жагымдуу шарттарды түзүү максатында райондун коомдук кабылдамасы ачылды.

Муниципалдык администрациянын имаратында Свердлов райондук билим берүү борбору, КР экономика жана Финансы министрлигинин райондук башкармалыгы, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана мамлекеттик нотариус бар.

Свердлов районунун жашоочулары өз суроолорун берүүгө жана учурдагы көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Шаардыктарга ыңгайлуу болушу үчүн коомдук кабылдама күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

Эске салсак, коомдук кабылдаманы ачуу боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-октябрындагы №197 «Коомдук кабылдаманы уюштуруу жөнүндө» буйругун аткаруунун алкагында жүргүзүлгөн.