№100 кичи маршруттук каттам муниципалитеттин карамагына өтөт.

№100  кичи автобустун айдоочулары жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгына өткөрүп берүү маселеси менен Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгына кайрылышкан.

Аталган департаменттин директору Максат Нусувалиев айдоочулар менен жолугуп, бул маселени талкуулады.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында департаменттин жетекчиси  №100 кичи автобустарды муниципалитеттин карамагына өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды.