Бир айдын ичинде "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы 3 сырткы жарык берүүчү мамыны алмаштырды.

Ишкананын бригадасы бузулган мамыларды алуу  жана алмаштыруу иштерин жүргүзүп, борбор калаанын көчөлөрүндө тышкы жарыктандыруу системасынын туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн кабелдик тармактарды калыбына келтиришти.

Аба ырайынын туруксуздугу, айдоо эрежелерин этибарга албоо, тез айдоо – көпчүлүк учурда кырсыктын себеби.

Муниципалдык ишкананын кызматкерлери тарабынан үч дарек боюнча иштер жүргүзүлдү:

- Ахунбаев-Чортеков көчөлөрүнүн кесилиши;

- 7-апрель-Медеров көчөлөрүнүн кесилиши;

-Лев Толстой-Ауэзов көчөлөрүнүн кесилиши.

Урматтуу шаардыктар! Сиздер үчүн ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы дайыма иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115

"Бишкекжарык" МИсы  социалдык тармактарда да бар:

Фейсбук: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312

Instagram: @mp_bishkeksvett

Twitter: @Bishkeksvet