Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти "Zhongtong Bus Holding Co Ltd" компаниясынан "Zhongtong 6105"маркасындагы 120 жаңы автобусту сатып алган.

Транспорт департаменти шаардын борборунда айланма каттамдарды жана оң экологиялык системаны түзүүнү эске алуу менен борбордук көчөлөрдү бошотуу үчүн кичиавтобустук каттамдардын кыймыл чиймелер долбоорлорун даярдады.

Учурда эки айланма автобус каттамы иштеп жатат. “БЖАИ"муниципалдык ишканасына таандык муниципалдык (социалдык) каттам №48 жана №35. Эки каттамды Аламүдүн жана Ош базарлары, Батыш жана Чыгыш автобекеттери сыяктуу жүргүнчүлөрдү түзүүчү негизги секторлор байланыштырып турат.

Жаңы автобустар иштеп жаткан маршруттук линиялар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

№35 автобустук каттам (Батыш автобекети – Темир жол бекети – Чыгыш автобекети) узундугу 18.2 км, аралыгы 7мин. күнүмдүк пландык чыгуусу 14 автобусту түзөт. Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу боюнча №113 каттамдагы 42 кичиавтобусту алмаштырат.

№48 автобустук каттам (Батыш автобекети - Чыгыш автобекети (айланма) узундугу-18 км, аралыгы-7 мин. күнүмдүк пландык чыгуусу 14 автобусту түзөт. Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу боюнча №214 каттамдагы 42 кичиавтобусту алмаштырат.

№38 автобустук каттам (Аламүдүн-1 к/р. – 110 квартал) узундугу 37.4 км, интервалы – 7 мин. шаардын батыш жана чыгыш бөлүгүн камтыйт, 19 автобус бөлүнгөн.

№42 автобустук каттам (12 к/р. - Ала-Тоо ж/к) узундугу-49,6 км, аралыгы – 7 мин. шаардын түштүк жана батыш бөлүктөрүн камтыйт, күнүмдүк пландык чыгуусу 19 автобусту түзөт, 19 автобус бөлүнгөн.

№7 автобустук каттам (Аламүдүн-1 к/р - Дача Достук) узундугу 40,7 км, аралыгы 7 мин. шаардын түндүк жана түштүк бөлүктөрүн камтыйт, пландык чыгуусу 20 автобусту түзөт. (Ютонг 6108)

Транспорт департаменти тарабынан ошондой эле автобус каттамдарынын жаңы кыймыл чиймелери иштелип чыккан: №31,49,50,19:
№31 автобус (Ынтымак ж/к - айланма) узундугу 34 км, аралыгы 7мин. күнүмдүк пландык чыгуусу 24 автобусту түзөт. Көрсөтүлгөн автобустук каттам №101 кичиавтобустук каттамдагы 72 кичиавтобусту алмаштыра алат.

№49 автобус (Арча - Бешик ж/к – айланма) узундугу 24,2 км, аралыгы 7 мин. күнүмдүк пландык чыгуусу 11 автобусту түзөт. 33 кичиавтобусту алмаштырат.

№50 автобус (Рухий – Мурас ж/к- Жилгородок) узундугу 44 км, аралыгы 7 мин. күнүмдүк пландык чыгуусу 19 автобусту түзөт. 66 кичиавтобусту алмаштырат.

№19 автобус (Ак-Ордо ж/к – Кустанай көч.) узундугу 34 км, аралыгы 7 мин. күнүмдүк пландык чыгуусу 17 автобусту түзөт (Ютонг 6108). 51 кичиавтобусту алмаштырат.

Жогоруда аталган 54 бирдик санындагы автобустар 162 кичиавтобусту алмаштырат, бул шаардын экологиясына атмосферага зыяндуу чыгындылар боюнча олуттуу таасирин тийгизет.

Урматтуу шаардыктар! Кошумча суроолор боюнча 0502 205 202 телефонуна кайрылсаңыздар болот.