Муниципалдык администрация тарабынан 2023-жылга белгиленген графикке ылайык, рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Рейдге райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, райондук билим берүү борборунун, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жана Свердлов райондук МАБдын өкүлдөрү катышты.

Рейддер кароосуз калган жашы жете элек балдарды, ошондой эле кайырчылык менен алектенген балдарды жана оор жумушка тартылган балдарды аныктоого багытталган.

Төмөнкүлөр даректер текшерилди «Айчүрөк», «Чынар» ГУМ, «Дордой-Плаза» соода-борборлору, "Дордой-Аламүдүн","Мадина" базарлары, "Ак-Эмир", "Улар", "Таалай" кичи-базарлары, райондун аймагында жайгашкан мечиттер, анын ичинде Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мечиттер, Жибек-Жолу жана Үсөнбаев, Күрөңкеев жана Орозбеков, Осмонкул көчөсүндөгү мечиттер менен компьютердик клубдар, парктар жана башкалар.

Иш-чаранын жүрүшүндө жалпысынан 13 жашы жете элек өспүрүмдөр аныкталып, анын ичинен 3 өспүрүм КРнын  ИИМдин Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилип, 10 өспүрүм профилактикалык иштерден кийин ата-энелерине өткөрүлүп берилди.