Дем алыш күнү Бишкек шаарынын мэриясы Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылындагы тоонун боорунда “Баарыбыз лыжага-2023” спорттук иш-чарасын уюштурду.

Иш-чарага борбор калаанын төрт районундагы мектеп-интернаттардын жана реабилитациялык борборлордун тарбиялануучулары катышты.

Иш-чараны вице-мэр Виктория Мозгачева салтанаттуу ачып, бардыгына чың ден соолук, окууларына ийгиликтерди, алдыга койгон максаттарына жетүүнү каалады.

«Активдүү болгула, спорт менен машыккыла жана сергек жашоо образын кармагыла», - деп кошумчалады В.Мозгачева.

Иш-чаранын жүрүшүндө инструкторлор жаш үйрөнчүктөргө лыжа тебүүнү үйрөтүштү. Балдар үчүн спорттук эстафеталар, оюн-зоок мелдештери уюштурулду. Мелдештердин жана эстафеталардын жыйынтыгында ар бир балага эстелик белектер берилди.

Иш-чаранын негизги максаты – жаңы катышуучуларды – кышкы спортту сүйүүчүлөрдү тартуу жана сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат. Кышкы майрамга катышкандар үчүн ысык тамак уюштурулду.