Чолпон-Ата шаарында 11-13-февраль аралыгында «Илим + Ойлоп табуулар = Техника» аттуу республикалык илимий-техникалык олимпиада өттү. Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан 180ден ашык мектеп окуучулары келип,  күчүн сынашты.

Бишкек шаарынан олимпиадага эки команда катышты – юниор же өспүрүмдөр командасы (4-класстын окуучулары) жана жаштар командасы (10-класстын окуучулары).

Жаштар командасында:
Б. Кудайбергенов – Е. Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык №61 мектеп-лицейи;
В.Жердев, А. Базарбаева, Б. Сагындыков – № 67 мектеп-гимназиясы;
Жетекчилери – Галиуллина Елена Эриковна.

Юниор командасында:
А. Жээнбекова, М. Джолдошева – ЖТС, Ленин району;
А. Расулов – № 84 орто мектеби;
Р. Кадурин – № 63 мектеп-гимназиясы;
Жетекчилери – С.Данышманова, Т.Есенкулов, Догдурбек кызы Эркайым.

Үч этаптан турган интеллектуалдык таймашта борбор калаанын мектеп окуучулары берилген тема боюнча баяндама жасап, илим жана техника тууралуу татаал суроолорго жооп берүү менен бирге өздөрүнүн илимий долбоорлорун коргоп, жогорку деңгээлде  көрсөтүштү.

Олимпиаданын жыйынтыгында өспүрүмдөр командасы коло байгеге ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин медалдары жана дипломдору менен сыйланышты.

Сыйлыктар Билим берүү жана илим министринин орун басары Т.А. Ашымбаеванын, академиктердин, көрүнүктүү окумуштуулардын жана ойлоп табуучулардын катышуусунда Чолпон-Ата шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин №2 Мамлекеттик резиденциясында тапшырылды.