Борбор калаада «Футбол мектепте» аттуу ири долбоордун бет ачары өттү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы долбоордун өнөктөшү болуп келүүдө. Белгилей кетсек, “Футбол мектепте” Азия футбол конфедерациясынын (АФК) каржылык колдоосу менен Кыргыз футбол союзу тарабынан ишке ашырылууда.

Долбоор алты этапты камтыйт, анын ичинде билим берүү программасы, «D» сертификаты жана «С» лицензиясы үчүн машыктыруучулук курстары, 1000ден ашык баланын катышуусунда мектеп аралык достук турнирлерин жана фестивалдарын өткөрүү.

Аталган иш-чарага Бишкек шаарынан 55 дене тарбия мугалими катышып келүүдө.

Долбоордун алкагында мугалимдер футбол техникасынын негизги усулдук принциптерин үйрөнүп, окуучуларды эффективдүү окутуу үчүн көндүмдөрүн өркүндөтүп, балдарга карата ырайымсыз мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу боюнча билимге ээ болуп, биринчи жардам көрсөтүү көндүмдөрүн алышат.

Долбоордун башка өнөктөштөрү – Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт департаменти, Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коому жана ЮНИСЕФ.