Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы тышкы жарнамаларды иретке келтирүү боюнча рейд өткөрүүдө.

Алсак, Лев Толстой көчөсүн бойлой Жаш Гвардия бульварынан Кривоносов көчөсүнө чейин текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада 112 жарнама  конструкциясы, анын ичинде 6 жарнама мамычасы, 106 баннер алынды.

Буга чейин комиссия жарнама жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, билдирүүлөрдү тараткан.

Текшерүүлөр шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнама маалыматтын мамлекеттик тилдеги тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, ошондой эле шаардын сырткы жарнамаларын жайгаштыруу жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.