Бүгүн Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына карата Бишкек троллейбус  башкармалыгында иштеген Ооган ардагерлерин куттукташты.

Иш-чараны  ишкананын жетекчилери, профсоюз комитетинин төрагасы уюштуруп, ага  башкармалыкта ушул кезге чейин иштеп, борбордогу коомдук транспорттун өнүгүшүнө салым кошуп жаткан 5 ардагер  катышты.

Майрамдык жыйында бардык курман болгон баатырлардын элесин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерип, ардагерлерге ыраазычылык сөздөр айтылып, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ооган согушунун ардагерлери өздөрү да советтик аскерлердин Ооганстанда болгон мезгилин, аскердик милдетке жана антка берилгендигин, аскердик бир туугандыкты жана достукту, интернационалист жоокерлердин эрдиктерин жана тагдырларын эскеришти.

Салтанаттуу иш-чара достук чай ичүү менен аяктады.