2022-жылдын 5-апрелинде Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерине ылайык, жаңы каттамдарды ачууда жана иштеп жаткан каттамдарды өзгөртүүдө тейленүүчү муниципалдык автотранспорт ишканалары тарабынан түзүлгөн маршруттук тармактын алкагында кайталоолор 50% ашпоого тийиш.

Жаңы №31 автобус каттамы менен кайталоолорду четтетүү үчүн, 101 кичиавтобус каттамынын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлгөн, ошондой эле №15 муниципалдык автобус каттамы менен кайталоолорду жоюу үчүн, №113 кичиавтобус каттамын жабуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Өз кезегинде №113-кичиавтобустук каттамдын айдоочулар курамы үчүн №244 (Учкун – 2 ж/к.-Интергельпо көч.), Жибек-Жолу пр., Чыгыш автобекети, Батыш автобекети, ГКБ№1, Интергельпо көчөсү, Димитров көчөсү, Ю. Фучик көч. кичиавтобустук каттамдын кыймыл чиймеси даярдалган.

Мындан тышкары, №35-автобус каттамы менен кайталоолорду жоюу үчүн №213 кичиавтобустук каттамын жабуу чечими кабыл алынды.

Ошондой эле, №48- муниципалдык автобус каттамы менен кайталоолорду жоюу үчүн №214 кичиавтобустук каттамын жабуу чечими кабыл алынды.

№214 – кичиавтобустук каттамдын айдоочулар курамы үчүн №245-кичиавтобустук каттамдын (Чыгыш автобекети- Ж. Бөкөнбаев көчөсү), Жаш гвардия буль., Баялинов көч., Абдрахманов көч., Күрөңкеев көч., Осмонкул көч., Фрунзе көч., Ибраимов көч. кыймыл чиймеси даярдалган.

Белгилей кетсек, БШКнын 2004-жылдын 9-июлундагы 244-токтомуна “Бишкек шаарынын жүргүнчүлөр транспортунун маршруттук тармагын оптималдаштыруу боюнча жоболорго" ылайык, чоң сыйымдуулуктагы жүргүнчүлөр транспортуна артыкчылык берилет.

Ошондой эле, троллейбус жана автобус каттамдары шаардын борбордук көчөлөрү жана проспектилери аркылуу өтүшү керек. Мында автобустук каттамдарга троллейбус линиялары жок участкалар максималдуу түрдө берилет. Сыйымдуулугу чоң автобустар келгенде Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнөн жана проспектилеринен бошотуунун 2-этабы жүргүзүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Кошумча суроолор боюнча 0555103263 ,0502 205 202 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.