Рейддер кароосуз калган жашы жете элек өспүрүмдөрдү, ошондой эле кайырчылык менен алектенген жана оор жумушка тартылган балдарды аныктоо максатында жүргүзүлүп келүүдө.

Рейдге райондук администрациянын өкүлдөрү, райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, райондук билим берүү борборунун, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жана МАБдардын адистери катышты.

Компьютердик клубдарды жана оюн-зоок жайларын текшерүүнүн жыйынтыгында 32 бала аныкталып, анын ичинен 20 бала Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилип, 12 бала мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, мындай текшерүүлөр муниципалдык администрация тарабынан ар дайым жүргүзүлүп келет.