Борбор калаанын Октябрь районунда Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына арналган жыйын-реквием болуп өттү.

К.Ата-Түрк атындагы  сейил багында Ооган жоокерлеринин элеси бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерилди. Иш-чарага Ооган ардагерлери, КРнын Коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирлан Байгончоков, Россиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Аскердик атташеси Игорь Довбня, Казакстандын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Аскердик атташеси Макишев Ербол Куантаевич,  Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин жетекчиси Кожобек Рыспаев, Ооганстандагы согуштун жана согуштук кагылыштардын ардагерлеринин кыргыз коомдук кыймылынын төрагасы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев жана башкалар  катышты.

Митинг-реквием сейил бактагы эстеликке гүл коюу менен аяктады.

Биринчи май  райондук администрациясында Советтик аскерлердин Ооган жеринен чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына карата райондун башчысы Максатбек Сазыкулов Ооган ардагерлерине администрациянын эмблемасы түшүрүлгөн кол сааттарды тапшырды.

Аким ардагерлерге өлкөнүн жана коомдун турмушуна жигердүү катышкандыгы, аскердик бир туугандыкка берилгендиги, майыптарга жана курман болгон баатырлардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүп, жаштарды патриоттук тарбиялоого өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Свердлов районунда Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш-чарага каза болгондордун үй-бүлөлөрү, ардагерлер, ошондой эле Ооган окуяларынын катышуучулары чакырылган.

Чогулгандарга акимдин биринчи орун басары Кубанычбек Айтакунов сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө ошол окуяларда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакын туугандарына көңүл айтып, ошондой эле иш-чараларга катышып, бүгүнкү күнгө чейин Ата Мекенге кызмат кылып жаткан аскер кызматкерлерине чын дилинен ыраазычылык билдирди.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН: Учурда шаардын социалдык коргоо органдарында АДРнын 729 катышуучусу жана алардын жесирлери каттоодо турат, анын ичинен 32 майып, 688 интернационалист катышуучусу, ошондой эле Афганистан Демократиялык Республикасында интернационалдык милдетин аткарууда курман болгон жоокерлердин 9 үй-бүлөөсү бар.