Калаабызда кышкы көчөт отургузуу иштери уланууда.

“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын багбандары жабык тамыр тармактары менен ийне жалбырактуу көчөттөрдү Абдрахманов, Ибраимов жана Байтик-Баатыр көчөлөрүнө отургузуу иштерин улантууда.

Жалпы 170 даана жаңы көчөт отургузулат.

Белгилей кетсек, кыш мезгилиндеги көчөт отургузуунун  жаз мезигилине караганда көптөгөн артыкчылары бар.

Кышында өсүмдүктөр уйку абалында келип, көчөттү отургузуу убагында тармыр тармактарына күч келип кыйналышпайт.

Урматуу шаардыктар!

Бишкек шаарынын мэриясы аба-ырайынын бузулушу туралуу эскертет!

Эгерде бак-дарактардын кулаганына күбө болсоңуздар  37-53-30, 0504210600 номерлерине кайрылсаңыздар болот.