Бишкек шаарында 2023-жылдын 17-февралынан тарта 120 жаңы автобустун 1 партиясы, тагыраагы 50 автобус каттамдарга чыга баштады. Бүгүнтөн баштап бекитилген маршруттар боюнча 38-42-48- жаңы автобустар жүргүнчүлөрдү тейлейт.

Белгилей кетсек, жапызполдуу автобустун узундугу 10,5 метрди түзөт, ал газ кыймылдаткычы менен жабдылган. Автобус 75 адамды ташууга ылайыкталган, анын 26сы орундук, бирөө мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн, ичинде 8 USB кубаттагыч жана 5 камера бар. Мындан тышкары ар бир автобуста жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Жаңы автобустар учурдагы маршруттук линиялар боюнча төмөнкү каттамдарда:

№ 38 автобус каттамы (Аламүдүн-1 кичирайон— 110 квартал) шаардын батыш жана чыгыш тарабын камтыйт, узундугу 37,4 км, аралыгы 7 мүнөт. 19 автобус бөлүнгөн.

№42 автобустук каттам (12-кичирайон – Ала-Тоо конушу) шаардын түштүк жана батыш тарабын камтыйт, узундугу 49,6 км, аралыгы7 мүнөт. 19 автобус бөлүнгөн.

№ 48 автобус (Батыш автобекети - Чыгыш автобекет (айланма)) узундугу 18 км, аралыгы- 7 мин. 14 автобус бөлүнгөн. №214 каттамдагы 42 кичи автобус алмаштырылат.

Калган автобустар жакынкы аралыкта каттамдарга чыгарылат.

Бишкек шаарынын мэриясы ар бир жүргүнчү үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүп берип жатат, эми жүргүнчүлөрдөн  жоопкерчиликтүү болуп, тазалыкты сактоолорун суранабыз!