Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Эмилбек Абдыкадыров Азия өнүктүрүү банкынын аймактык департаментинин кеңешчиси-жетекчиси Петер Малло жана Азия өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолугушту.

Тараптар борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча комплекстүү чараларды киргизүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Мэр Бишкек шаарынын мэриясы айлана-чөйрөнүн булганышын азайтуу маселесине өзгөчө маани берерин, ошондуктан бул багытта биргелешкен иш алып баруу үчүн бардык сунуштар муниципалитет тарабынан дыкат караларын белгиледи.

Тараптар ошондой эле «Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоорунун келечегин талкуулашты.

Учурда Бишкек шаарынын мэриясы Азия өнүктүрүү банкы аркылуу «Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоорун ишке ашырууда.

Бардык тендердик процедуралардын жыйынтыгы боюнча жана АӨБ менен макулдашуу менен 2022-жылдын 2-ноябрында "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасы менен «Anhui Ankai Automobile Co., Ltd. компаниясынын ортосунда келишим түзүлгөн.

Тараптар биргелешкен долбоорлор боюнча мындан аркы жемиштүү кызматташууга үмүт артышты.