Бишкек шаарынын Жер пайдаланууну конторлдоо боюнча башкармалыгы мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен «Орто-Сай» базарында демонтаж иштерин жүргүзүүдө.  

Башкармалыктын  кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишкансынын, Октябрь райондук ИИБ, ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда.

Иштин жүрүшүндө “Орто-Сай” базарындагы башкы өтмөк жолундагы мыйзамсыз орнотулган объекттер жана жарнактык конструкциялар алынды. Ошондой эле коопсуздукту алдын алуу максатында өрт өчүрүүчү унаага тоскоолдук жараткан объектилер жолдон алынып, темир чатырчалар буздурулду. Жалпысынан 16 темир чатыр, 115 башаламан соода, 97 жарнактык конструкция, 2 күркө  жана 20 мертди түзгөн темир тосмо алынды.

Эскерте кетсек, буга чейин комиссия жарнамаларды жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, билдирүүлөрдү тараткан.