Октябрь акимиаты букмекердик мекемелерди текшерүү боюнча жумушчу топ түздү.

Жумушчу топтун курамына райондук администрациянын өкүлдөрү, мамлекеттик салык кызматынын Октябрь району боюнча инспекторлору, жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор, Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери, райондук билим берүү борборунун өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде финансылык көзөмөл адистери жана №8, 9 МАБнын кызматкерлери кирген.

Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө төмөнкү даректер боюнча 5 букмекердик мекеме текшерилди:

- Сүйөркулов көч. 20/88 дарегинде жайгашкан "Вал-трейд Вал коин";
- Сүйөркулов көч. 20/20 дарегинде жайгашкан "Ринго трейд ";
- Ахунбаев көч. 116а дарегинде жайгашкан  "Ринго трейд";
- Ахунбаев көч. 124 дарегинде жайгашкан "1$ трейд";
- Ахунбаев көч. 122 дарегинде жайгашкан "Вин трейд".

Текшерүү учурунда букмекердик конторалар салык кызматында катталган ишкердик ишмердүүлүгү тууралуу күбөлүктүн негизинде иш алып барары, алардын тиешелүү лицензиясы бар экендиги аныкталган. Текшерүү учурунда жашы жете элек өспүрүмдөр аныкталган эмес.

Жумушчу топ букмекердик конторалардын администрациясы менен кумар оюндарын уюштурууда жана өткөрүүдө мыйзамсыз иштердин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-декабрындагы "Кумар оюн уюштурууда мыйзамсыз ишке бөгөт коюу жөнүндө" Жарлыгына ылайык жүргүзүлүүдө.

Бул багыттагы иштер уланууда.