«Дордой» конушунун аймагында айлана-чөйрөнүн булганышынын алдын алуу жана ар кандай түрдөгү синтетикалык заттардын  күйүгөнүн  токтотуу максатында  конушдагы чарбакер субъектилердин жана калк арасында санитардык-экологиялык нормаларды сактоо боюнча рейддер өткөрүлдү.

Рейддердин жүрүшүндө 5 чарбалык субъектилер текшерилди. Жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгы менен 1 чарба жүргүзүүчү субъектиге КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү менен 7500 миң сом 1 протокол түзүлдү.

Рейддер “2021-2023-жылдарга Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн райондорунун экологиялык абалын жакшыртуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын планынын” алкагында жүргүзүлүүдө.

Свердлов акимиатынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын  Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү боюнча муниципалдык инспекциясынын инспекторлору, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борбордун өкүлү жана №21- муниципалдык аймактык башкармалыгынын адистери катышууда.

Бул багыттагы иштер улантылат.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын муниципалитети курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүчү объектилерди өрттөбөөнү суранат жана санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчилик каралганын эскертет.