Калаабызда кышкы көчөт отургузуу иштери уланууда.

“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын багбандары жабык тамыр тармактары менен ийне жалбырактуу көчөттөрдү  Чолпон-Ата көчөсүнүн боюна, Тунгуч кичи районунун сейил багына, Тынчтык, Чүй проспектерине, Бишкек баатыр эстелигинин алдына отургузду.

Жалпы 250 даана жаңы көчөт отургузулду.

Белгилей кетсек, көчөт отургузуу планы боюнча быйыл шаарыбызга 15 000 көчөт тигилет.

Урматуу шаардыктар!
Эгерде бак-дарактардын кулаганына күбө болсоңуздар,  37-53-30, 0504210600 номерлерине кайрылсаңыздар болот.