Аба ырайынын жагымдуу шарттары түзүлүшү менен «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы 2022-жылы башталган тротуарларды оңдоо иштерине толук түрдө киришет.

Ошентип, төмөнкү тротуарлардын оңдоо иштери башталат:
- Байтик-Баатыр көчөсүнүн тротуары Л.Толстой көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин (чыгыш тарабы);
- Киев көчөсүнүн тротуары Тыныстанов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин (түндүк тарабы);
- Д.Садырбаев көчөсүнүн тротуары Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин;
- Панфилов көчөсүнүн тротуары Москва көчөсүнөн  Бөкөнбаев көчөсүнө чейин;
-Абай көчөсүнүн тротуары Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин.

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын иши боюнча суроолорду жана сунуштарды (фото жана видео) instagram социалдык тармагындагы баракчасына жөнөтсөңүздөр болот: mp_bishkekasfaltservis.