Свердлов акимиаты райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте Ленинград блокадачыларын жана фашисттик концлагерлердин жашы жете элек туткундарын келе жаткан Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.

Иш сапардын жүрүшүндө жетекчинин орун басарлары ардагерлерге тынчтык үчүн ыраазычылык билдирип, ден соолук каалап, беш миң сомдон акчалай жардам тапшырышты. Мындан сырткары райондук бюджеттен почта бөлүмдөрү аркылуу 2000 сом накталай төлөмдөр жүргүзүлдү. Ошондой эле, шаардык бюджеттин эсебинен Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан Ленинграддын курчоосунда калгандарга, концлагерлердин (КЦК) жашы жете элек туткундарына почта бөлүмдөрү аркылуу даректер боюнча үч миң сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү.

Свердлов районунда бардыгы болуп 4 Ленинград блокадасынан аман калгандар жана фашисттик концлагерлердин жашы жете элек туткундары жашайт.